Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Шор-Булак айылында жол тосулуп, кайра ачылды


Тоң районундагы Шор-Булак айылынын 200гө чукул тургундары бүгүн Каракол-Бишкек автожолун тосушуп, “Кумтөр” компаниясынын оор жүк ташыган унаалары турак-жайларга залака келтиргени үчүн компенсация төлөп берүүсүн талап кылышты.

Тоң районунун акиминин милдетин аткаруучу Бакыт Рыспаев элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин элдер тарап кетишкенин "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы Тоң-Жети-Өгүз райондорунун айылдарындагы жол боюндагы залал келтирилген үйлөрдү текшерип чыгуу боюнча өкмөттүн атайын токтому менен комиссия түзүлгөн. Алар текшерип жол жээгине 15 метрге чейинки жарака кеткен турак-жай ээлерине “Кумтөр” алтын кенинен 5 миңден 57 миң сомго чейин компенсация төлөтүп берген.

“Кумтөр менен түзүлгөн генералдык келишим боюнча компанияга түшкөн кирешенин 1 пайызы Ысык-Көл облусуна бөлүнүп берилгени менен мурдагы губернатор ал каражаттын 9 пайызын эле айылдардын социалдык маселелерин чечүүгө жумшаган. Жаңы бийлик Кумтөр алтын кенинен түшкөн каражатты Жети-Өгүз, Тоң райондорунун айылдарында жана Балыкчы шаарында социалдык обьектилерди куруу жана оңдоого бөлүүнү пландаштырууда”,-дейт Б.Рыспаев. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG