Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Бакиевдерди кармоо иши жүрүп жатат


Бирок азырынча натыйжа боло элек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Самат Бакеев билдирди. Анын айтымында, Бакиевдердин жана А.Ширшов, А.Елисеев, Е.Гуревич, Д.Үсөновдун кайда экендиги тууралуу так маалымат бергендерге 100 миң доллар, Коопсуздук кызматынын жетекчиси М.Суталинов үчүн маалыматка 50 миң доллар, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси К.Темирбаев жана алар менен байланышы бар жогорку даражадагы аткаминерлердин кайда экенин айткандарга 20 миң доллар өлчөмүндө сыйлык берилет.

Самат Бакеев ошондой эле Интерпол аркылуу 36 кишиге издөө жарыяланганын, азырынча алар кармала электигин белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG