Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Аксыдагы селде эки жаштагы кыз каза тапты


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Сыны айылынын тургуну Тойчубек Садыров үй-бүлөсү менен жайлоодо боз үйдө турушкан. 8-июндан 9-июнга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып мал жандыктарын, боз үйүн агызып кеткен. Төрт жаштагы кызын куткарып калган менен аны оор абалда ооруканага жеткиришкен. Сел агызып кеткен эки жаштагы кызынын сөөгү табылган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG