Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Саясий партиялар, алдыдагы шайлоо тууралуу "Азаттык" менен профессор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Аалыбек Акунов маектешти.

- Апрель окуяларынан кийин ондогон партиялар түзүлүп, же түзүлөбүз деп жарыялай баштады. Мурда эле партиялардын саны жүзгө чамалачу эле. Кыргызстанда эмне үчүн саясий партиялар көп, дегеле бул сан көпбү, же азбы, кандай деп ойлойсуз?

- Албетте көп. Илимде бир өлкөдө беш партия болгондо партиялардын саны өтө көп болуп кетти деп айтышат. Буга чейин эле бизде жүздөн ашык саясий партиялар бар болчу, эми парламенттик шайлоолордун алдында, жаңы шартта боло турган шайлоолордун алдында жаңы үмүттөр менен дагы партиялар түзүлүп атат. Ал түзүлүп аткан партиялардын негизи, түшүндүрмөсү бар. Эмне үчүн алар кайрадан жаңы партия түзүп атат? Анткени бизде саясий элита, саясий лидерлер алмашып атат. Алмаша тургандай шарттар түзүлүп атат. Бирок ошентсе да биз көрүп атабыз, азыр жаңы түзүлүп аткан партиялардын лидерлеринин арасында көпчүлүгү мурунку эле саясий элитага кирип жүргөндөр көбүрөк кездешип атат. Бирок ошентсе дагы биздин Кыргызстандын коомчулугу жакын арада ушул процесстен улам жаңы лидерлердин жаштардын арасынан болобу, же орто муундан болобу жаңы фамилияларды, жаңы лидерлерди дагы угуп көрөт го деп ойлойм.

- Кыргызстанда исламга негизделген партия түзүү тууралуу да сөздөр чыгып жатат. Бишкекте жакында эле эл аралык жыйын да өткөн. Бул эмнеден кабар берет?

- Ооба, мындай тенденция бизде жаны эле пайда болгон жок. Бул көптөн бери эле болуп атат. Өзүңүздөр билесиздер, коомчулукка деле маалым, кийинки мезгилде Кыргызстанда канча мектеп болсо, ошончо мечит курулду деп да айтып жүрүшөт. Муну күтсөк болмок. Мына жакында эле болгон эл аралык жыйында дагы Тажикстандан өкүл келди. Аларда да ушундай болгон, диндик негизде партия түзүшүп, партиянын өкүлдөрү парламенттик шайлоодо келген. Ал эми бизде болсо азыркы иштеп аткан Конституцияга, жаңы долбоорго ылайык партияларды диндик негизде партия түзгөнгө тыюу салынган.

Менин оюмча, Орто Азиядагы башка элдерге, ошол эле тажиктерге салыштырганда деле кыргыз элинин динге болгон мамилеси өзгөчөлөнүп турат деп ойлойм. Кийинки мезгилдерде динге кызыгуу канчалык күчөгөнү менен, кыргыздын өзгөчө жаштары канчалык динге берилгени менен, саясатка байланыштуу жагына келгенде бүгүнкү күндө диндик негизде партия болуп, ал парламентке келет деген негиз толук бар деп ойлобойм мен.

- Бул парламенттик шайлоо саясий партиялар үчүн өзгөчөлөнүшү мүмкүнбү?

- Албетте, бул өзгөчө шайлоо болот. Эң негизги өзгөчөлүгү баарыбыздын күткөнүбүз, коомчулук дагы, Убактылуу өкмөт дагы аракет кылып жатат шайлоолор ачык түрдө, таза болсо экен деп. Мындай таза шайлоолор көптөн бери боло элек болчу. Кайсы партия чынында элде аброю барбы, кайсы партияны колдойт дегенде дайыма эле бизди алдап келген. Мына биринчи жолу шайлоолордо тигил, же бул партия чынында эле жеңгени турат. Ошон үчүн партиялардын кызыкчылыгы да абдан күчөп атат. Чынында ачык шайлоо болсо биз утабыз деген ой менен. Эң негизги өзгөчөлүгү ушул болот.

Андан кийинки өзгөчөлүктөрү - референдум болгондон кийин Конституциянын долбоору ишке киргенден кийин, партиялык тизмелер менен парламент түзүлүп, анан парламентте жеңип чыккан партия, же болбосо бир нече партиялардын коалициясы өкмөттү түзөт дегендин өзү, бул партияларга абдан шарттарды түзүп берет.

Сиз айткандай бизде жүздөн ашык партия бар. Көпбү-азбы деген менен анын баарын ушул процесс өзү тастыктап, ордуна коет. Ошондо кереги жок партиялар өздөрү эле жолдон чыгып калышат дагы, акырындык менен бешке чейинки же эки партиялык системанын түзүлө турган жолдун башаты болушу мүмкүн.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG