Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Кыргыз эл биримдиги курултай өткөргөнгө мекемелерден акча сурап кайрылышты


“Кыргызгаз” ишканасына кайрылган катта “Кыргыздын кырк уруу эли 12-июнь күнү Т.Сатылганов атындагы филармонияда Улуттун Улуу Курултайын өткөрүп, улуттук саясатты замандын талабына ылайык көтөрүп, кеңири талкууга алууну көздөп жатат. Ага Түркия, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдө жашаган боордошторубуз, элчилер, Эл аралык уюмдар оң, сол, ичкилик элинен 900, Кыргызстанда жашаган башка улуттардан 100, жалпы 1150 адам катышат.
Улуу курултайга сиз дагы үлүшүңүздү кошуп, аны уюштуруп өткөрүүгө муктаж болгон иштерди каржылоого жүз миң сом өлчөмүндө жардам берүүңүздү суранабыз”,-
деп жазылган.

Кыргыз эл биримдигинен болсо мекемелерге мындай кат жолдошпогонун билдиришти.

Солтолордун “Ай тамга” маданий мурас кору жогорудагы катты талкуулап саясатка аралашпай, оң канаттын курултайына, Кыргыз эл биримдигинин курултайына да катышпай турган чечимин чыгарды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG