Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Токмоктогу жардырууда жабыркагандардын абалы дурус


Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык жардыруудан алты адам жабыркаган. Алардын бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн, калган бешөө Токмок аймактык ооруканада дарыланууда.

9-июнда кечки саат алтылар чамасында Токмок шаарындагы "Мега-Сити" соода борборунда жардыруу болуп, бул боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматчыларынан турган оперативдик иликтөө тобу түзүлгөнү айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG