Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Аймактык ММК тууралуу концепция кабыл алынат


Өкмөт аймактык массалык маалымат каражаттары тууралуу концепция сунуштап жатканын “Ак кеме” мейманканасында өтүп жаткан “Медиа форум-2010: мүмкүнчүлүктөр, күтүүлөр жана чакырыктар” деген аталыштагы жыйында Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал

бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүүгө жол салуу үчүн зор мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Ошондой эле сөз эркиндигин камсыздоонун бир катар шарттары Конституциянын жаңы долбоорунда каралганы айтылды. Медиа-форумда Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары канткенде саясаттан жана коммерциялык кызыкчылыктан көз карандысыз, эркин жана кесипкөй болот деген маселе талкууланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG