Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Марат Кайыпов: Көп аял алуу башка өлкөлөрдө кылмыш эмес


Конституциянын жаңы долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, андагы укук жана жоопкерчилик тууралуу мурдагы адилет министри Марат Кайыпов “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы бийлик бөлүштүрүүнү кандай баалайсыз? Мына жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарды. Өлкө парламенттик башкарууга көбүрөөк ыктаганы турат.

Марат Кайыпов: Негизинен Баш мыйзамдын долбоору менен таанышып чыктым, президент өлкө башчысы деген наамга ээ болот экен. Бул накта таза парламенттик бийлик формасы деп айтканга жатпайт, көбүнесе президенттик-парламенттик бийлик формасына жакыныраак экен.

- Бул долбоордон Кыргызстандын буга чейинки жана азыркы Конституциясынан кандай айырмачылыктарды көрө алдыңыз?

Марат Кайыпов: Кээ бир президенттин бийлик укуктары чектелиптир, алсак президент эл аралык келишимге кол коердун алдында премьер-министр менен макулдашат деген жери бар экен. Негизинен мурунку эле бийлик укуктары калган.

- Буга чейин Кыргызстанда Баш мыйзам бир канча ирээт өзгөрүп, президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп келген. Адистер ошол Баш мыйзамда президенттин чексиз бийлигине жол ачкан жылчыктар бар болчу деп айтып жатышат. Ушул долбоордон ушундай жылчыкчаларды байкай алдыңызбы?

Марат Кайыпов: Мурунку долбоордо, өзгөчө акыркы иштеп аткан долбоор боюнча президент өкмөткө баш ийбеген мамлекеттик органдарды уюштурганга, түзгөнгө, жетектегенге укуктуу болчу. Азыр ага окшогон президенттин бийлик укуктары чектелиптир. Андай мамлекеттик органдарды түзгөнгө укуксуз болуптур.

Ал гана тургай мындай деген жобо жазылып калыптыр: бюджет жана салык маселелери боюнча мыйзам кабыл алганда президент көздү жумуп кол коюп берет экен, эч кандай каршы пикирди жазбай, мындайча айтканда формалдуу кол койгуч болуп калат экен. Менин оюмча, бул ашыкча норма. Эгер андай эле салык маселеси, бюджет маселеси боюнча сөзсүз кол койдуруш керек болсо аны президентке жөнөтпөй төрага кол коюп, же “кабыл алгандан баштап күчүнө кирет” деп Конституцияга жазып коюш керек, президентти формалдуу кол койгуч кылбай эле.

- Сиз шайлоого катышасызбы? Эгер катышсаңыз кайсы партия менен барасыз?

Марат Кайыпов: Менин келгениме бир жума боло элек, өткөн жумада келдим. Азырынча сүйлөшүүлөр болуп атат. Бүгүнкү күндө мага түшкөн төрт сунуш бар. Азыр кайсы партия менен барам, кандай сапатта барам – айтканга эрте.

- Мурун адилет министри болуп иштеп турганда Кылмыш-жаза кодексинен көп аял алган үчүн жоопко тартууну алып салуу керек деген демилге менен чыгып жүргөнсүз. Айтсаңыз, сиз бул демилгени мурунку президент К. Бакиевдин көрсөтмөсү менен көтөргөн жок белеңиз? Анткени мына К. Бакиев качып кеткенден кийин дагы аялы бар экени ачыкка чыкты.

Марат Кайыпов: Жок, андай көрсөтмө болгон эмес, муну мен толук кандуу жооп бере алам. Анткени кылмыш жоопкерчилигин гумандаштырганбыз. Гумандаштыруу болуп аткан учурда эле мен ушул беренеге да көңүл бургам. Бул дегеле кылмыш болбой турган, Советтер Союзунан, коммунисттик режимден өзгөчө мусулман республикаларына таңууланган берене деп айтып жүрбөдүмбү. Себеби орустарда мындай берене жок. Дүйнө жүзүнүн бардык демократиялык мамлекеттеринде мындай кылмыш жоопкерчилик жок.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG