Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Кочкор районунун тургундары Роза Отунбаевага кайрылуу жолдоду


Анда район тургундары Нарын шарынын мэри Алмаз Кулматовду кызмат ордунда калтырууну Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевадан суранышкан. Кайрылууда А.Кулматовдун 1999-жылдан бери белдүү жетекчилик кызматтарда иштеп келе жатканы белгиленип, ошол жылдар аралыгында ага дооматтар коюлбаганы айтылат. Ошондой эле кайрылууда район тургундары Убактылуу өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатын колдой турганы айтылган. Кайрылууга 321 адам кол койгон.

А. Кулматов Нарын шаарынын мэри кызматына барганга чейин Кочкор районунда аким болуп беш жыл, андан кийин Ак-Талаа районунда аким болуп төрт жарым жыл иштеген. А. Кулматов Нарын шаарында координациялык кеңеш атанган кыймылдын атынан барган адамдардын кысымына жана коркутуп-үркүтүүсүнө туш болуп, кырдаалдын туруктуулугу үчүн деп башка кызматка которуу өтүнүчү менен Р. Отунбаевага арыз жазган болчу. Убактылуу өкмөт Нарын шаарынын мэринин арызы боюнча азыр чечим кабыл ала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG