Линктер

дүйшөмбү, 16-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Мигранттарды мыйзамдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү


Казакстандын аймагында иштеп жаткан кыргызстандык мигранттарды мыйзамдаштыруу маселесин чечүү үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Казакстан өз өлкөсүнө кирген жарандарды 90 күнгө чейин катталышы керек деген мурдагы ведомстволор аралык келишимди алып, беш күндүн ичинде деген жобону киргизген. Ал эми Кыргызстандын министрлиги жогоруда айтылган келишимди калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгып, Казакстанга жиберген. Бирок азырынча жооп боло элек.

7-апрелдеги окуядан соң 400дөн ашуун кыргызстандык мигрант Казакстандын аймагынан чыгарылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG