Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Иран президенти Кытайга аттанууда


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Шанхайдагы Эл аралык "Экспо-2010" көргөзмөсүнө катышуу үчүн бүгүн Кытайга барууда. Анын Кытайдын расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары пландалган эмес. Сапардын алдында эле Кытай Иранга каршы санкциялардын жаңы тобун киргизүү жөнүндөгү резолюцияны колдоп добуш берген. Бээжин көпкө чейин санкцияларды колдоого көнбөй келген эле. Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чин Гонг Бээжин добуш берүү эки тараптын алакаларына терс таасир тийгизбейт деп ишенеерин айтты:

- Кытай буга чейин кайталап келгендей, Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюция Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселени чечүү үчүн дипломатиялык жол жабылды дегенди билдирбейт.

Резолюция Коопсуздук кеңешинде колдоо тапкандан кийин Ахмадинежад санкцияларды "кол аарчып туруп, ыргытып сала турган кагазга" салыштырды.

XS
SM
MD
LG