Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Чувашияда жалган ардагер түрмөгө кесилди


Орусиянын Чувашия жумуриятында өзүн Улуу Ата мекендик согуштун ардагери деп атаган 80 жаштагы карыя бир жарым жылга шарттуу түрдө түрмөгө кесилди. Борис Макаров документтерди бурмалагандыгы үчүн айыптуу деп табылды. Сот ал 1946-жылы Кызыл армияда кызмат өтөгөн деген жалган кагаз жаздырып алганын далилдеген. 1962-жылдан бери Макаров согуш ардагерлери үчүн каралган жөлөк пул, ар кандай жеңилдиктерди алып келген. Иш жүзүндө ал 1944-46-жылдар аралыгында туулуп өскөн айылында иштеген. Өкүм чыгарууда сот айыпкердин улгайган жашын эске алды.

XS
SM
MD
LG