Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Токмоктогу соода борборунда болгон жардыруу Кыргызстанда коопсуздук маселеси колдун учунда турганын дагы бир жолу көрсөттү. Ошондуктан "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында кезектеги талкуунун өзөгүн ушул өлкөдөгү коопсуздук маселеси түздү.



К.Байболов,

коомдук ишмер








Рахматулло Ахмедов,

ИИМдин коомчулук менен

байланыш башкармалыгынын

жетекчисинин орун басары



“Азаттык”
: Кечээ Токмоктогу "Мега-Сити" соода борборундагы жардыруудан кийин “Азаттыкка” телефон чалышып, Кыргызстанда теракт башталдыбы дешип тынчсыздануусун билдиришти. Бул боюнча “террорчулук” деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук кызматы иликтөөгө алды деген маалымат бар. Токмоктогу бул жардыруу кокустуктан болгон жардыруубу же чындыгында эле теракт болгонбу. Буга Рахматулло мырза сиз жооп берсеңиз?

Рахматулло Ахмедов: Кечээки окуядан соң ички иштер органдарынын Токмок шаарындагы жана Чүй облусунда жайгашкан бөлүмдөрү жана башкармалыктардын оперативдүү иликтөө топтору окуя болгон жерге барып өз иштерин жүргүзүшкөн. Алар окуя болгон жерди көрүшүп, элдин ичинде сурамжылоо жүргүзүп, окуянын келип чыгыш себептерин такташып, өздөрүнүн иштерин жүргүзүшкөн. Азыр эми божомолдорду тактаганга негиз жок, анткени тергөө кызматчылары окуянын келип чыгуу себептерин так үйрөнүп чыгып, кандайдыр бир жыйынтыкка келгенден соң Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин кайсы беренесин колдоноору азырынча белгисиз. Бирок кылмыш иш козголушу мүмкүн.

“Азаттык”: Террорчулук деген кылмыш иши козголгону боюнча так маалымат эмес турбайбы?

Рахматулло Ахмедов: Азыркы сааттарга алынган маалыматтардан улам ушул оккуя боюнча далилдик заттар чогултулуп, азыр Улуттук коопсуздук кызматына берилген, алар өз иштерин жүргүзүшүүдө.

“Азаттык”: 7-апрел ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурдагы президент Курманбек Бакиев алып кеткен ири көлөмдөгү акчалар Кыргызстандын аймагында “Теракт” уюштурууга колдонулушу мүмкүн деген эле. Мындай божомол Токмоктогу жардырууга тиешеси болушу мүмкүнбү?

Кубатбек Байболов: Биз азыр ар кандай божомолдорду айтышыбыз мүмкүн. Ошонун ичинде бул божомолго да жол бар деп ойлойм. Бирок бир беткей айтыш кыйын, террор деп айтыш да кыйын. Мүлк талашуу болушу мүмкүн, же болбосо хулигандыктан келип чыккан кылмыш болушу мүмкүн. Ошондуктан божомол деп айта беришибиз эртерээк болуш керек деп ойлойм. Ал эми Бакиевдин жана анын тегерегиндегилердин акчалары ушундай ишке жумшалышы мүмкүн дегени болушу өтө мүмкүн. Себеби бул кыймыл-аракеттер биздин көз алдыбызда өтүп жаткандыктан, биз буга ынанымдуу айтышыбыз мүмкүн.

Рахматулло Ахмедов: Азыр кээ бирки ММКларда ойлонбой эле чыгарган жыйынтыктарды көрүп, угуп, окуп атабыз. Ошол жарылган нерсенин граната экени, же алыс жерден кармап туруп ишке киргизилгенби деген божомолдо турат. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар азыр жүргүзүлүп атат. Алардын жыйынтыгы чыкканда гана жарылуучу заттын кандай болгону боюнча жыйынтык чыгарсак болот.

“Азаттык”: Театр искусствосунда "сахнада илинип турган мылтык, спектаклдин аягында сөзсүз атылышы керек" делип айтылат. Мына 6-7-апрель окуясынан кийин көптөгөн курал-жарак, жардыргыч заттар, ок дарылар элдин колуна өтүп кетти эле. Алар качандыр бир кезде элге карата атылбайбы?

Рахматулло Ахмедов: Бул багытта Ички иштер министрлиги өзүнүн бир топ иштерин жүргүзүүдө. 8-апрелден тарта ушул күнгө чейин, айталы, элдин арасында жүрүп аткан түшүндүрүү иштери бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Бул иштердин жыйынтыгы катары айта кетсек болот, азыркы күндөрдө Ички иштер органдарында 470 тен ашуун ок атуучу куралдар чогултулду, ошону менен бирге 37 миңден ашуун ок дарылар алынган, 55 жарылуучу заттар, анан жардыруучу шаймандар алынган. Баса белгилеп кетчү нерсе, ушул чогултулган курал-жарак, ок-дары, жарылуучу заттардын көпчүлүгүн эл өзүнүн эрки менен ыктыярдуу түрдө алып келип берип атат. Бул эмнени билдирет? Биздин элибиз тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйөт. Бизди угуп турган угармандарыбызга, эгерде алардын ичинде өз эрки менен курал-жаракты тапшырган жарандарга чоң ыраазычылыгыбызды айтып кетебиз. Мамлекеттин келечеги үчүн алар чоң эрдик жасашты. Анткени бир дана ок алып келген киши дагы, көп партия курал-жарак тапшырган киши дагы тең эркин көрсөттү.

“ Азаттык”: Мына булардын коомдо баш-аламандыкты уюштуруу планы канчалык реалдуу, Кубат мырза?

Кубат Байболов: Азыр бул кыймыл аракеттер жалаң эле Бакиевге, же анын баласына, же бир тууганына анчейин деле байланыштуу эмес болуп калды. Азыр бул кыймыл-аракет, бул идея ошол бийликтин тегерегинде жүрүп, байып, ошол дасторкондон оокат жеп калгандардын өз алдынча кыймыл аракетине айланды. Менимче азыр Бакиевдин уулу, же бир тууганы эмес, өз алдынча багыт алган чоң кыймыл биздин коомго кыйла коркунучтурак деп айтаар элем. Мына ушул маселени талдап жатканда, биз жанагыдай фактылардан айтып, анын тегерегинде гана сөз жүргүзбөстөн биздин 19 жылдан берки келе жаткан динамикага көз чаптырышыбыз керек деп ойлойм. Мына 91-жылы кандай өлкө элек, ошонун ичинде укук коргоо, сот органдары кандай акыбалда эле, азыр кандай акыбалга келип жеттик. Менин баамымда укук коргоо, сот органдары дээрлик адам укуктарын, мамлекеттин коопсуздугун жактап-коргоодон кол жууп, мүмкүнчүлүктөрүн жоготкон акыбал. Мына ошондуктан эгерде биз мамлекеттик коопсуздук тууралуу, коомдук коопсуздук тууралуу ойлоно турган болсок, бул органдарды түп тамырынан бери жеткелең реформа кылып өзгөртүшүбүз керек, мына ушунун тегерегинде ой жүгүртүшүбүз керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Борбор Азияда диний-экстремисттик кыймылдар күч алып, ошол эле маалда террорчулук, маңзаттарын мыйзамсыз ташып өткөрүү сыяктуу маселелер көбөйүп атканы айтылып атат. Мына ушундай нерселерден Кыргызстан бүгүнкү күндө Кыргызстан канчалык коопсуз десек болот?

Кубат Байболов: Маңзаттардын трафиги бул адатта мамлекеттик эң жогорку деңгээлдеги кызматчылардын көзөмөлүндө болуп келген жана азыр дагы ошол акыбалда. Диний экстремизм дагы өтө коркунучтуу кооптуу жагдай. Бирок бүгүнкү күндүн эң биринчи талабы, эң коркунучтуусу ички реваншисттик, бийликти калыбына келтирүү аракети. Бакиев болбосо дагы анын тарапкерлеринин бийлигин кайрадан калыбына келтирип, мурункулардын доорун кайра орнотууга болгон аракет. Кыскача айтканда күрөш эки багытта. Биринчи багыты жаңы, акыйкат, мыйзамдуу заманын курабыз деген, кемчиликтери менен албетте, деген далалат. Ал эми экинчи багыты, ар бир мүчүлүштөрдү, жаңы өкмөттүн кетирип аткан айрым каталарын биринчи планга чыгарып, иш жүзүндө кайрадан эски заманды калыбына келтиребиз деген эки чоң күчтүн ортосунда болуп жаткан күрөш.

“Азаттык”: Өлкө аймагында “Хизб-ут Тахрир” диний уюмдун мүчөлөрү көбөйгөнү айтылып атат. Ушул диний-экстремисттик уюмдар жана маңзаттарына каршы кандай иш жүргүзүп атат Ички иштер министрлиги?

Рахматулло Ахмедов: Кээ бир серепчилер биздин укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасын алып алып эле, кармалгандардын саны көбөйгөнүн негиз кылып алып эле, кылмыштуулук көбөйүп атат деп айтып атат. Бирок буга негиз жок. Анткени укук коргоо органдарынын, алардын жүргүзгөн иштеринин натыйжасы. Ошондон улам көбөйүп атат деп айтканга болбойт. Укук коргоо органдары өз иштерин жүргүзүп, азыркы учурда керектүү бөгөт койгонго өз аракеттерин алып барып атышат.

“Азаттык”: Ушул маселе боюнча коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен иш болуп атабы, же 7-апрелден кийин бул иш токтоп калдыбы?

Рахматулло Ахмедов: Ички иштер министрлиги өзүнүн оперативдик-профилактикалык алдын ала иштерин, башка мамлекеттер менен байланыштарын эч качан токтоткон эмес, алар үзгүлтүксүз алынып барууда.

Кубат Байболов: Бул жерде чоң маселе жатат. 91-жылдардан бери эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүк эффектүүлүгүн өлчөгөн эч ким жок. Ар бир орган өзү планды түптөп, отчетун ошол боюнча берип келе жатат. Ал эми мамлекеттик деңгээлде ишмердүүлүгүн өлчөгөн критерийлер ушул кезге жок болуп атат. Маселен кеңири элдин катмары милиция органы болобу, же атайын кызматтар болобу кандай иштеп аткадыгы тууралуу маалыматы жок. Маселен, баланча миң иш козголуптур деп айтып атышат, мүмкүн 10 миң, мүмкүн 2 миң козгош керектир, эч ким билбей жатат. Эгерде завод, же фабрика болсо баланча миң батинке чыгыптыр деп өлчөсө болот. Ал эми булардын жумушун өлчөй албай атпайбызбы. Мына маселе кайда жатат.

“Азаттык”: Рахматулло мырза буга кандай дейсиз?

Рахматулло Ахмедов: Жылына мынча кылмыштын бетин ачасың, же мынча жыйынтык алып келесиң деген нерсе бул совет доорунан калган нерсе. Бирок өзүбүздүн министрлик боюнча айта кетсем, ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүп аткан иш аракеттерди биз мүмкүнчүлүк барынча, мурдагы басма сөз кызматы азыр маалымат жана коомдук байланыштар башкармалыгы болуп, реформа жүргүзүлүп, элге ички иштер органдарынын жасап аткан аракеттерин кеңири көрсөткөнгө толук мүмкүнчүлүктөн азыркы учурда пайдаланып атабыз. Эл көрүп атат, өз баасын берип атат. 7-апрелдеги окуялардан кийин ички иштер органдарынын кызматчыларына көптөгөн жаман сөздөр айтылган болчу, бирок кээ бирки интернет булактарын карасак, бизди көп эле эл колдоп, биздин ишти туура деп таап, көмөктөрүн көрсөтүп, милицияга баасын бергенге аракет кылып атышат.

Кубатбек Байболов: Албетте, катардагы кызматкерлер, милиция кызматкери болобу, же башка болобу аракет кылып иштеп аткандар абдан көп, биз аларга сөз тийгизели деген оюбуз жок. Жанагы мен айтып аткан реформалар, албетте, мамлекеттин жетекчилиги тарабынан ушул органдардын биринчи жетекчилери тарабынан ишке ашырылыш керек болчу.

“Азаттык”: Учурда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүүдө. Анда Кыргызстандын Коопсуздук маселесине маани берилеби? Деги эле Кыргызстандын коопсуздугуна эл аралык уюмдар, тактап айтканда, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун мамилеси кандай?

Кубатбек Байболов: Албетте, азыр Кыргызстан бул өлкөлөрдүн көңүлүнүн чордонунан орун алып, Кыргызстанды эмне кылабыз, кандай кылабыз деген маселе көңүлүн өйүп турган кези, жалаң эле биз эмес. Бирок, тилекке каршы, ал өлкөлөр дагы биздин ич арадагы кыйынчылыктан кандайча чыгып кетүү жолун алигиче табалбай түйшөлүп турганыбыз өтө өкүнүчтүү болуп турат.

“Азаттык”: Мына ушул ШОСто, түз айтканда, ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтык боюнча келишимдерге да мурда кол коюлган да. Ушул боюнча бүгүнкүгө чейин кандай иштер жүрүп келди жана кандай иштер жүрүп атат, же 7-апрелден кийин иштер токтоп калдыбы?

Рахматулло Ахмедов: Мен жана айтып кетпедимби, биз өзүбүздүн ишибизди таптакыр токтоткон жокпуз. Кээ бирки серепчилер айта кетти, Ички иштер министрлигин кызматчылары өзүн жоготуп койду, кетип калды деп. Бирок 7-апрелден баштап ушул күнгө чейин бир дагы кызматкер өзүнүн рапортун жазып, мен жумуштан кетейин деп кайрылган жок. Тескерисинче, пенсияга чыккан адамдар өздөрү менин күчүм жетет, кандай жардам берейин деп бизге жардамга келип атат. Коопсуздук маселелери боюнча башка өлкөлөр менен байланышыбыз тыгыз. Мурда алынган келишимдердин негизинде мыйзам түрүндө колдон келишинче биз аларга, алар бизге жардам берип атат. Бул чөйрөдө ушул күнгө чейин иштер токтотулган жок.

“Азаттык”: Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Убактылуу өкмөт тез арада кандай чараларды көрүш керек?

Кубатбек Байболов: Убактылуу өкмөт - өкмөт экенин көрсөтүш керек биринчи кезекте. Тилекке каршы, өкмөт экенин азыркыга чейин көрсөтө албай жатышат. Ошол эле учурда коопсуздук органдары, мына эки айдын жүзү толду, иштиктүү натыйжа бере албай жатышат. Мамлекеттин коопсуздугуна кооптуу жагдай түзүп аткан эң чоң маселе - ашынган кылмышкерлердин жапырт баарынын качып кеткени, бирөөнү да кармап келип ыза болгон элдин көксөсүн суутууга булардын колу жетпей жаткандыгында болуп атат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG