Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Ош шаары жана айрым райондорго коменданттык саат киргизилди


Убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык, Ош шаарында түндө чыккан тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып түнкү саат 2ден тарта коменданттык саат киргизилди. Комендант болуп ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков дайындалды. Коменданттык саат кечки сегизден таңкы саат алтыга чейин созулат. Ички иштер министри Болот Шер “Азаттыкка” тополоңдо 4 киши өлүп, кырктай адам жаракат алып ооруканага жеткирилди, деп билдирди. 10 чакты имарат талкаланды, тополоңду уюштурган деп шектелип 5 киши камакка алынды. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, азыр шаарда кырдаал салыштырмалуу тынчып турат. Ош облустук акимчиликтин алдында азыр үч жүздөй адам чогулду. Бирок алар кандай талап менен чыгышканын айтыша элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG