Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Оштогу тополоңдон набыт болгондордун саны 12ге жетти


Эртең мененки саат тогуз жарымдагы маалымат боюнча Оштогу окуядан каза тапкандардын саны 12ге, ооруканага кайрылгандардын саны 102ге жетти. Он кишинин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева УТРКга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар Оштогу ооруканага түнкү саат экиден тарта түшө баштаган. Ушул тапта окуя болгон жерлерде 8 тез жардам иштеп жатат. Кан жана дарыгерлер жетиштүү. Бүгүн эртең менен министрдин орун басары Касымбек Мамбетов жетектеген санитардык авиция Ошко учуп кетти. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG