Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Оштогу тополоңдо каза болгондор 14кө жетти


Оштогу кабарчыбыздын айткан маалыматынаа караганда, күндүзгү саат 12ге карата Ош шаарындагы абал турукташып баратат. Областтык акимчиликтин жана мэриянын айлана тегерегиндеги кырдаал туруктуу эле. Бирок көчөдө соода түйүндөрүндө түндө башталган өрт толук өчө элек, дагы эле күйүп жатат.

Шаарда жүргүнчү транспорту токтогон, таксилер да каттабай калды. Шаардын көчөлөрүн аскер жана милиция күчтөрү ар бир булуң-бурчуна чейин көзөмөлдөп турушат. Шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна, шаардык оорукананы карай “Тез жардам” унаалары кыйма-чийме каттап атышат. Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча түнкү тополоңдон каза болгондордун саны 14кө жетти.

Эртең менен Ошко Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков келип түштү. И.Исаковдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда Өзгөн шаарында, Араван, Кара-Суу райондорунда кырдаал дээрлик турукташып калды. Ал жакка дагы кошумча аскер жана милиция күчтөрү жөнөтүлдү. (КС)

XS
SM
MD
LG