Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

“Ата Журт” партиясы элге кайрылуу жолдоду


“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши Кыргызстан элине кайрылуу жолдоп, Ош облусунун калкын сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана ынтымакка чакырган. “Мекендештерибизди ашыкча кызыл кандуулукка алдырбоого, мыйзамдарды сактоого үндөгүбүз келип турат. Элди бузуп-жаргысы келген күчтөр улут аралык кагылышуулар аркылуу мамлекеттүүлүктү жоготуу аракетинде болуп жаткандыгы чын. Кыргызстандын келечегин баарынан өйдө койгон күчтөр мындай аракеттерге каршы туруп, тынчтыкты, эл ичиндеги ынтымакты сактап калуу аракетинде болушу керектигин баса белгилейбиз”, - деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле кайрылууда чукул чаралар көрүлбөсө, абал мындан да курчуп кетиши ыктымалдыгы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG