Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

ШКУнун саммитинде Оштогу кырдаал тууралуу маалымат угулду


Ташкенде өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев Оштогу кырдаал тууралуу маалымат берди. Аталган министрликтик басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Убактылуу өкмөт Ош облусунун жана шаардын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилип, коменданттык саат жарыяланганын, деструктивдүү күчтөрдү токтотуу үчүн чаралар көрүлгөнүн билдирди. Р.Казакпаев өлкөдөгү улуттар аралык биримдикти сактоого бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аталган уюмга мүчө өлкөлөрдү Кыргызстанга кыйын абалдан чыгып кетүүсүнө, тынчтык, туруктуулукту орнотууга жардам берүүгө чакырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG