Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 11-июнда “Азаттыктын” кабарчысын кабыл алып, өлкөдөгү абал, экономика, тышкы саясаттагы аракеттер боюнча маалымат берди.

“Азаттык”: Алмаз мырза, Оштогу абал кандай болуп жатат?

А.Атамбаев: Эми, билесиздер да, мен бир канча жума мурун эле айткам, Бакиевдер көрүштү алар үчүн эч ким чыкпасын, ошондуктан башка жактан аракеттер болот деп. Эптеп-септеп бир балээ жасаштын жолун издеп жүрүшөт. Ошондуктан Маевкада окуя болду. Ал жерде чатак чыгарууга аракет жасалды. Анан Жалал-Абадда болду.

Мына бүгүн түн ичинде Ошто казинодон жаш балдар мушташып кетиптир, мушташ ошол жактан башталыптыр. Аны өткөн бийлик башка тарапка буруп жиберүүнү көздөп жатат. Анткени эптеп эки регионду же эки элди кагылыштырса эле эл аралык жаңжал чыгарууга бир шылтоо табылат да. Ошондуктан бул атайын уюшулган нерсе. Элден суранабыз, ушундай чагымдарга жол бербеңиздер.

Убактылуу өкмөт түнкү саат экиде чогулуп, чечим кабыл алды. Ал боюнча Ош шаарында, Өзгөн шаарында, Кара-Суу, Араван райондорунда коменданттык саат киргизилди. Коргоо министри Исмаил Исаков, ИИМдин биринчи орун басары, УКМКнын биринчи орун басары түштүктө. Тилекке каршы, түн ичинде эртең мененки маалымат боюнча беш киши кайтыш болду. Мына ушундай окуялар болуп жатат. Ушул элибизден суранат элек, ар бир кыргыз жаранынан, ар бир улуттан, жашынан-карысынан суранабыз чагымга алдырбоону.

“Азаттык”: Кырдаалды жөнгөрүү үчүн Убактылуу өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?

А.Атамбаев: Жетиштүү ресурстар бар.

“Азаттык”: Чатакты жөнгөрүү үчүн дипломатиялык жолдор, сүйлөшүүлөр болуп жатабы?

А.Атамбаев: Албетте болуп жатат. Түн ичинде эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Текебаев, Бекназаров да жөнөп кеткен. Бирок билесиздер эки айдан бери ушундай оюндар жүрүп жатат. Маевкада болду, Жалал-Абадда болду. Эми мына Ошто болду. Эптеп эле бир балээ чыгарып кетүүнү көздөп жатышат. Акча таратылып жатат.

“Азаттык”: Уюштуруучулардан кармалгандар барбы?

А.Атамбаев:
Ачык айтайын менде азыр так маалымат жок. Коммендант маалымат бергенден кийин так айтып бере алам. Бирок эртели кеч Маевкада кармалгандай эле кармалат. Ал жерде эки жумадан кийин кармалган.

“Азаттык”: Алмаз мырза, сиз азыр өлкөнүн экономикасын карап жатасыз. Абал кандай?

А.Атамбаев: Азыркы мезгилге карай минтип айтаар элем, бул жөнүндө кечээ өкмөттө сөз болбоду беле. Мен өкмөт башчы болуп иштегем. Тажрыйбам деле бар. Бүт коркунучтарды санатып чыктым. Мисалы, ошол эле Эл аралык валюта корунан, Дүйнөлүк банктан бир тыйын келбей калса, ошол эле салык, бажы тармагынан акча аз түшүп калса кандай болот деп.

Ошол эле мезгилде Бакиевдин жакындары уурдап, айлантып жатканы акчаны да бир жерге топтодук. Ошондо карасак 13 млрд сом акча топтолду. Бюджеттин жетишпестиги болсо 6.5 млрд сом болуп жатат. Ошондо бизде 6.5 млрд. сом резерв болууда. Ошол убакта так айтып кетейин, быйылкы жылдын бюджети 13 млрд. 600 млн. сом таңсыктык менен бекитилген. Ошого карабастан мына ушундай кошумча акча таптык. Жогоруда айтылгандай, 6.5 млрд. сом кошумча акча бар. Мына июнь айына 2 млрд. 200 млн. сом жолдорго, каналдарга, өзгөчө кырдаалдарга кошумча берип жатабыз.

Кечээ күнү Сариев анда декрет менен кабыл алып бергиле деп айтты. Декрет кабыл алып беребиз. Акча бар. Ошол эле валюта кору, Дүйнөлүк банк менен сүйлөшкөнбүз. Алар деле берет акчасын. Ошондуктан кошумча акчанын көлөмү жылдын аягына чейин дагы өсөт. Кудай буюрса, ай сайын бюджетте көрсөтүлгөндөн сырткары 2 млрд. сомдон кошумча каржылоо жүргүзөйлү деген оюбуз бар. Анткени күйүп жаткан маселелер бар. Ошол эле жол, айыл чарба маселелери бар. Кыш келатат.

Ал эми Кара-Кечеде башаламандык өкүм сүрүүдө. Кара-Кече боюнча да маселени чечип, атайын каражат бөлөбүз. Андагы кендерди мамлекетке кайтарабыз. Ал мамлекеттик ишкана болот. Ошол эле Торугарт, Эркечтам маселесин чечели деп жатабыз. Айдоочулар чыгып жатышпайбы. Мен үч жыл мурун айткам, мына ошол Торугарттын жанына, Эркечтамдын жанына кыргыз тарабына терминал салыш керек деп. Үч жыл мурун мен кетээр менен унутуп коюшту. Ошон үчүн да акча бөлүп, терминалдарды быйыл салабыз.

“Азаттык”: Демек өкмөттө социалдык төлөмдөрдү убагында төлөө эле эмес, аларды көтөрүү мүмкүнчүлүгү да барбы?

А.Атамбаев: Иншалла, ошондой мүмкүнчүлүк бар. Негизги маселе туруктуулук болуп жатат. Анткени оюндар токтобой жатат. Анын үстүнө мен айтым жатам, тыйын болгондон кийин эмне кармап турабыз? Бериш керек да.

“Азаттык”: Өкмөттө Россиянын 300 млн. долларын жол куруу сыяктуу долбоорлорго жумшоо ниети байкалууда. Ал эми насыялар өлкөдө ишкерликти өнүктүрүү үчүн багытталганы белгилүү. Бакиевдин учурунда ал акча биржаларда ойнотулганы белгилүү. Эми түпкү багытына жумшап, ишкерликти өнүктүрүү туура эмеспи?

А. Атамбаев: Жок, насыя эч кандай шартсыз эле берилген. 100 млн. доллары Камбар-Атага жумшалыптыр. Мейли эми Камбар-Атага кетсе. Азыр жаңы министр барды.Таза бала. Камбар-Атаны куруунун баасы 30% ашырылып берилиптир. Демек ошол 100 млн. доллардын 30 млн. долларын Бакиевдер уурдап кеткен.

Экинчиден, жол салсак бул эмне, кээ бир саясатчылар айткандай “жеп салуу” бекен? Жолсуз өндүрүш, айыл-чарба өсөбү? Айыл чарба кредиттерин 12 пайыз кылдык. Бул жаманбы, бул “жеп алуубу”? Бирок орус берген насыядан башка деле акча табабыз да. Анан кийин 2 миң сом алып аткан милиция кызматкери эл үчүн туруп береби?

Мына ошон үчүн алардын айлык акыларын көбөйтүп атабыз. Ошол эле Чек ара, же Коргоо министрлигинде иштегендер 2-3 миң сомдон айлык алганы болбойт да. Кудай буйруса, күзгө чейин иштеп турсак, мен ойлойм, пенсионерлерге деле, бюджет кызматкерлерине төлөмдөрдү көтөрүүнү ойлонбосок болбой турат. Кудай буйруп дагы финансы булактарды табышыбыз керек. Аларды да ойлонуш керек. Анткени элибизди шордуу эле кылып койдук да.

"Азаттык": Казакстандын президенти Ташкендеги саммите айтып жатат, Кыргызстанга толук масштабдуу жардам керек деп. Бирок өздөрү жолду жарым-жартылай жаап, биздин ишкерлерди кыйнап жатат. Бул жакта кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу?

А. Атамбаев: Азыр эле мен казактардын биринчи өкмөттүк каналына интервью бердим, ошол жерден айттым, биз албетте урматтуу Нурсултан Абишовичтин демилгесин колдоп атабыз. Бирок биринчи кадамы болуп жок дегенде бажы бекеттерди ачып берсе деп өтүндүм. Анан Казакстанда иштеген биздин адамдарга бир боордук мамиле кылса, Казакстан өзү көрсөтсө, анан дүйнөнүн бары колдоп берет деп ачык эле айттым.

Кудай буйруса, аны Казакстандан көрсөтөбүз дейт. Мен ойлоп турам, Нурсултан Абишович биздин аксакалыбыз, патриархыбыз сөзүнө туруп, өзү иш менен жардамды көрсөтөт деп. Андан кийин башка мамлекеттер да кошулат. Бирок ушул жерден бир нерсе айтып коеюн, убагында жаз себүү, талаа иштери болуп атканда, билесиңер, биздин материалдык резервдеги бүт солярка жараксыз болуп чыкпады беле, ошондо Казакстан 3 миң 700 тонна күйүүчү май берген.

“Азаттык”: Сиз парламенттик шайлоого барбай турганыңызды жарыяладыңыз. Партияңыз өз алдынча шайлоого барабы?

А. Атамбаев:
Дүйнөлүк тажрыйба бар да, ошол эле Орусияны алсак. Мисалы, партиянын төрагасы Путин барган жок шайлоого, партиясы барды. Азыр мен да шайоого кетип калсам, партия шайлоодон утабы, утпайбы, эл ишенсе шайлап берет. Бирок, менимче, азыр эң кыйын кырдаал өткөөл мезгилде ушул жерде отуруп, күнү-түнү иштеп, каражат таап, аз болсо да бир топ нерсе баштап койсок сонун болот эле. Анткени керек болсо тарифтерди эки эсе азайттык, андан да бюджетке зыян кетти. Ошого карабастан болбой эле дагы акча таап, керек болсо жаңы Суу чарба министрлик ачып, мына быйыл буюрса он чакты ирригациялык объект бүткөнү турат.

“Азаттык”: Демек партияңыз өз алдынча кете берет экен да?

А. Атамбаев:
Төрагасы катышпаганы менен бизде күчтүү партия. Ар бир региондо өкүлдөрүбүз бар. Партия салымын салган. Мен да БЭКтин төрагасымын, Социал-демократтар партиясынын төрагасымын, Роза Исаковна менде биринчи орун басар болчу, биздин партиялашыбыз. Анан ушунча ишти баштап коюп, сырттан байкоочу болуп калбайт да. Кыйын мезгилде шайлоого партия өзү деле барат. Эл билет төрагасы ким экенин. Эл ишенсе колдоп берет.

“Азаттык”:
Сиз жакында эле Түркияда болуп келдиңиз. Алар олуттуу жардам берерин билдиришти. Ошол эле мезгилде олуттуу инвестиция жөнүндө сөз болдубу?

А. Атамбаев: Албетте чоң маселеден баштап, төө бурчагына чейин маселени көтөрдүк. Банктар боюнча айттык. Бул жерде да бир маселе бар. Маевкада бир балекет окуя болуп кетпеди беле. Аны дагы бирөөлөр уюштурган, арагын берип, акчасын таратып, ошондо бир түрк каза болбоду беле, бир канча үй өрттөлүп. Жок дегенде ошол маселени ушул жумада чечип, анан кийин Түркиядан конокторду чакырбасак болбойт да. Алар 1 млрд. сомду берип атса, анан биз 2-3 млн. сомдук маселени чечипей атсак, уят да ачык айтканда.

Бул башталышы, бир туугандык мамиле. Ошол эле Назарбаев демилгесин Стамбулдан бекер айткан жок да. Түркиянын президенти Абдуллах Гүл да сүйлөшүп атты. Ал кишилер менен биз да сүйлөшкөнбүз, ага айтканбыз чек ара жабык, мындай болуп атат деп. Ал киши айтты, мен да айтам деп. Ошондуктан түрк боордошторубузга рахмат, буйруса, келечекте чоң иштер болот. Орустар менен да ошондой иштер болот. Өзбекстан менен деле албетте мамилени оңдош керек. Бардык коңшу менен жакшы жашаш керек.
“Азаттык”: Жергиликтүү маселелерге келсек, жакындан баштап кыш мезгилине даярдык көрүү башталат. Көмүр жана башка отундар менен ТЭЦти камсыздоо кандай болот?

А. Атамбаев: Биз бул маселени комплекстүү жана радикалдуу түрдө чечели деп атабыз. Кара-Кечеден баштап, газдан ТЭЦке чейин бардыгын кошуп, 1-2 токтом чыгарабыз. Анан кийин өкмөттүн отурумунда кышка даярдык деген маселени карайбыз. Анткени албетте кышка азыртан даярданыш керек, радикалдуу чечимдерди коркпой эле алыш керек. Ал үчүн да акча таап беребиз. Ошол эле Кара-Кеченин чоң бөлүгүн мамлекеттик кылып туруп, мамлекеттик ишкана ачабыз, акча таап бөлүп беребиз. Акча табылган.

«Азаттык»: Камбар-Ата-2 ГЭСнин биринчи агрегаты август айында ишке киргизилет деп айтылган. Бул иш аткарыла турган болуп атабы?

А. Атамбаев: Эми август айында деген сөздөр бар. Мен дайыма запас менен айтам да, августтун аягы сентябрдын башы деп айтат элем. Кудай буйруса, иншалла бүтөт. Акчанын баары бөлүнүп атат.

«Азаттык»: - Убактыңызды бөлүп, биздин суроолорубузга жооп бергениңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG