Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун Р. Отунбаевага кайрылуусу


Кыргыз Республикасынын

Өткөөл мезгилдеги Президенти

Роза Исаковна Отунбаевага

Урматтуу Роза Исаковна
!

Сизге Россия Федерациясында оор турмуштун айынан иштеп жана жашап жаткан кыргыздардын атынан Москвадагы Кыргыз диаспорасы кайрылат!

1991-жылы Союз тарагандан кийин ар бир Республика өз жүгүн өзү аркалап, эгемендүү мамлекет болуп, болуп көрбөгөндөй экономикалык кризиске Кыргызстан дагы капталды. Экономикалык оор кыйынчылыктан улам биз дагы жан багуунун айласын кылып, сыртта окуп билимдуу-илимдуу кыргыздын уул-кыздары оз мамлекетибизге бара албай калышты. Миңдеген кыргыздар бул жерден атуулдук статусун алып жашап калып жатат. Өз мекендештерибиздин укуктарын коргоо жана экономикалык кыйынчылыктарга тушуккан жердештерибизге жардам берүү максатында Кыргыз диаспорасын түзгөн элек. Мына ушул диаспоранын жетекчиси жана түптөөчүлөрдүн бири Турсумбай Сатымбаевич Кубатбеков эле.

Диаспора мекендештерибиздин көйгөйлүү маселелерин чечип, ар кандай иш чараларды өткөрүүдө Москвадагы Кыргыз элчилиги менен тыгыз байланышта болуп, чогуу иш жүргүзүп келебиз. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз агрардык университетине ректорлук кызматка кадр издеп жатат деп билдирген эле. Илимий даражасы, жетекчилик, уюштуруучулук жөндөмү бар кадрды, эң башкысы коррупциядан алыс, трайбализм илдетине чалдыкпаган адамды издеп, биз Т.С. Кубатбековдун кандидатурасына токтогонбуз.

Себеби, Т.С.Кубатбеков 28 жыл Россия элдердин достугу университенинде (РУДН) эмгектенип, илимий жактан бир кыйла жетишкендиктерге ээ болгон. Биология илимдеринин доктору, кафедра башчысы профессор Турсумбай Сатымбаевич Кубатбековго кайрылып өз Мекенине кызмат кылуусун өтүнүп, макулдугун алгандан кийин эмгекчил, ачык, адамкерчилиги бийик бул инсандын кандидатурасын Элчилике сунуштаганбыз. 2008-жылы сентябрь айында Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп дайындалган.

Бүгүнкү күндө бизге жеткен маалыматтарга караганда университеттин айрым бир “эл бузар” кызматкерлери К.Бакиев алып келеген, “Бакиевдин кишиси” деп асылып жатканын уктук. Т.С. Кубатбековду К. Бакиев эмес, биз Кыргыз диаспорасы сунуштаганыбызды тактап билдиребиз. Миңдеген мекендештеринин проблемаларын чечип, баарына тең карап жүргөн, уюштургуч мыкты кадрды ректорлуктан четтетебиз деген ар кандай күчтөрдү биз сындап жана нааразычылыгыбызды билдиребиз. Эгерде Т.С.Кубатбековго окшогон кучтуу специалистти жогоруда айтылган шылтоолор менен иштен бошотулган болсо, анда Кыргызстандын келечегине чон зыян болот деп ишенебиз.

Урматтуу Роза Исаковна! Сизге жалпы Кыргыз эли, анын ичинде биз дагы чоң үмүт менен ишенип турабыз кудай буюрса келечекте Кыргызстаныбыз гүлдөгөн өлкөгө айланат, адам укугу тебеленип – тепселбейт, үй бүлөлүк башкаруу кайра кайтып келбейт, чыныгы демократия орнойт, коррупция жоюлат, кадр маселеси адилеттүү чечилип, өлкөбүздө иш билги адистер элине кызмат өтөйт деп ишенебиз.

Сизди урматтап,


“Кыргыз биримдиги” коомдук
уюмунун торагасы Абдыганы Шакиров

жана башкармачылыктын мүчөлөрү.
XS
SM
MD
LG