Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Пакистандын түндүк-батышында америкалык ракета чбауулунан 13 киши курман болду


Өкмөткө ылайык, ооган чек арасына жакын жайгашкан бул аймакта АКШнын автомат менен башкарылган согуштук учагы ок ачканы болжолдонууда. Өкмөт өкүлдөрү өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары «чет элдиктер» экендигин айтышууда. Адатта «чет элдик» деген сөз мында түбү арап, же борбор азиялык ал-каидачыларды түшүндүрөт. Учак ооган чек арасына жакын жайгашкан талиптердин машыгуу турагын бутага алган. Ал эми чек аранын ооган тарабында, Кандагар шаарында бомба жарылганда, тогуз киши, анын ичинде аялдар жана балдар набыт кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG