Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Ош шаарына Фуркат айылы тараптан кирүүгө аракет кылган адамдарга ок атылууда


Ош шаарынын кире беришиндеги Фуркат айылында 300 гө чукул адам топтолуп, алар шаардагы өлгөндөрдүн саны жөнүндө маалымат берүүнү бийлик өкүлдөрунөн талап кылышууда. Губернатордун биринчи орун басарынын милдетин аткаручу Кушбак Тезекбаевдин облустагы кабарчыбызга берген маалыматына караганда, айрым бир күчтор кечээги түндөн бери аткылап, аларды шаарга киргизбей турушкан. Аткылоодон сексен адам оор жараат алып, алтоо көз жумган. 11-июнда кечки саат он чендерде ошол топтолгон адамдардын ичинен бир тобу үч автоунаа менен ок атып жаткан топтордун каршылыгын жарып өтүп, шаарга киришкен. Бирок коменданттык саатка байланыштуу аларды аскер күчтөрү кайра шаардан чыгарып жиберишти. Гагарин көчөсүндө атышуулар болгону, бирок курмандыктар жок экени да айтылууда. (КС)

XS
SM
MD
LG