Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Евробиримдик Ошто зомбулукту токтотууга чакырды


Кечээ Евробиримдиктин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башкы өкүлү Кэтрин Эштон Ошто тараптарды зомбулукту токтотууга, Убактылуу өкмөттү мыйзамдын чегинде Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салып, коомдук тартипти камсыз кылууга, тез арада жалпы диалог уюштурууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. Маалыматка караганда Евробиримдиктин өкүлү жалпы Кыргызстандыктар Конституцияны 27-июнда референдум өткөрүп, октябрда парламенттик шайлоо өткөрүүгө ыкылас коюусу керектигин, биринчи кадам демократияга кайрылуу өлкөдө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кыларын белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG