Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

“Патриот”: Бишкекте морадерлук фактылары катталды


“Патриот” элдик кошуунунун өкүлдөрү “Азаттыкка” түндө Бишкекте бирин-экин морадерлук фактылары катталганын, талап-тоногусу келген үч-төрт адамды кармап милиция өткөрүп беришкенин кабарлашты. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын күзөт кызматы кармалган адамдар тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Бирок шаарда түн тынч өттү деп билдирди. Ройондук ички иштер бөлүмдөрү да түнч тынч болгонун, айрым шаар тургундары сарсанаа болуп чалып чыгышканын, бирок аларды кыжалат кылган окуяларды текшергенде тынчсызданууга олуттуу деле негиз жок экен, деп билдиришти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабы "Азаттыкка" түндө Бишкекте ар кандай жарат менен ооруканага жыйырмадай адам жеткирилди, деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG