Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Ошто жергиликтүү телеканалдар убактылуу жабылды


Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун өтүнүчү менен убактылуу өкмөт “Ош ТВ”, “Мезон” жана “ДДД” жергиликтүү телеканалдарынын ишин убактылуу токтотту. Буга аталган телеканалдар аймактагы улуттар аралык мамилени курчутуп жатат деген себеп негиз болду. Ошто жергиликтүү эл соңку окуялар тууралуу “Азаттык”, Улуттук биринчи канал жана ЭЛТР аркылуу кабардар болуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG