Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Human Rights Watch: Ошто этникалык конфликтти басууга дүйнө коомчулугу тез киришиши керек


Human Rights Watch эларалык уюму Оштогу кагылышууларды басыш үчүн дүйнөлүк коомчулукту ыкчам аракет көрүүгө чакырды. Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз-өзбек этникалык кагылышууларын токтотуу үчүн Убактылуу өкмөткө дүйнөлүк коомчулук тез арада жардам бериши керек” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Адам укугун коргоочу эларалык уюм бул билдирүүсүн Кыргызстандын Ош шаарында соңку тополоңдо кеминде 46 адам өлгөнү, 632 адам жаракат алганы айтылгандан кийин жасады. Уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Андрея Берг ушул күндөрү Ошто жүрөт. Ал “Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тез арада ал жакта аракет көрбөсө этникалык конфликт дагы курчуйт”, - деди.

XS
SM
MD
LG