Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ф.Кулов: Убактылуу өкмөт тез арада ЖККУ менен БУУга кайрылыш керек


Бул тууралуу “Ар-намыс” партиясынын билдирүүсүндө айтылат. Анда мурдагы премьер-министр, партия лидери Феликс Кулов Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү чукул арада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Бириккен Улуттар уюмуна кайрылып, тынчтык күчтөрүн киргизүүнү сураныш керектигин белгилеген. Ал аталган уюмдун келишиминде буга байланыштуу берене да бар экенин айтат. “Убактылуу өкмөт жетекчилери өз аракеттерин уланта бербей, тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Антпесе күчү жетпей калды. Ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн кишилер кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде башпаанек сурап кайрылып жатышат”, - дейт Ф.Кулов. Ошондой эле ал жер-жерлерде ар улуттун аксакалдары, беделдүү адамдар жаштарды токтотууга аракет жасашы керектигин белгилейт. Ушундай эле пикирин Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев да билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG