Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Жалал-Абадда Оштогу окуяларга нааразы болгондор чогулууда


Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максат Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ушул тапта шаардын Көгарт кичи районунун аскер бөлүгүнүн алдына жүздөй адам чогулду. Алардын саны түрдүүчө айтылууда. Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова алардын саны 2,5 миң десе, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Бакировдун айтымында, алардын саны 500 чамалаш. Мындан мурдараак алар Оштогу окуяларга нааразы болуп, шаардын ипподромуна чогулушкан. А.Аманова бүгүн түнү массалык башаламандыктын алдын алуу үчүн Жалал-Абадга да коменданттык саат киргизүүнү Убактылуу өкмөттөн суранып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, Сузак районунун борборунда өзбек улутундагы 200гө чукул адам чогулуп турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG