Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча элдик кошуундарды уюштурган жатат


Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси С. Бийназаров менен элдик ыктыярдуу кошуундардын жетекчилери Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча элдик кошуундардын штабын түзүү боюнча республикалык штабды уюштуруу жөнүндө Декреттин долбоорун талкуулады. Декретке ылайык, элдик ыктыярдуу кошуундар өздөрүнүн ишин укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүүгө тийиш. Алардын ишин координациялоо Ички иштер министрлигине жүктөлөт. Бардык мамлекеттик органдар элдик кошуундардын ишине бардык жагынан жардам берүүгө тийиш. Элдик кошуундарды курамы ар улуттан курулууга тийиш. Анын катарына 18 ге толгон, мурда соттолбогон Кыргызстандын жарандары кабыл алынат. Күндүн аягына чейин Декрет толук иштелип чыгып, дагы талкууланмакчы. (КС)

XS
SM
MD
LG