Саламаттык сактоо министрлигинин штабы билдирген соңку маалыматка караганда, Ош областында тополоң окуядан 945 адам жаракат алып, анын 69 каза тапты. 532 адам ооруканада, 444 адам амбулатордук жардам алышты. Жалал-Абад областындагы кагылышуулардан 32 адам жабыркап, анын алтоо көз жумду.