Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бишкекте Ошко гуманитардык жардам топтолууда


Коогалуу Ошто бул күндөрү дүкөндөр, базарлар жабык. качкындар жардамга муктаж
Коогалуу Ошто бул күндөрү дүкөндөр, базарлар жабык. качкындар жардамга муктаж

Жаштар министрлиги штаб түзүп, жардам чогултуп жатат. Ошондой эле Ай-Көл партиясынын мүчөлөрү гумжардам топтоп жатышат. Бул жөнүндө аталган партиянын мүчөсү Максатбек Асанбеков "Азаттыкка" маалымат берди.

- Биз жарандык демилге менен ун, кургатылган кесме, май өңдөнгөн оор кырдаалда керектелүүчү эң зарыл азык-түлүктү чогултуп жатабыз. Акча түрүндө алган жокпуз.

- Шаар тургундары кандай жардам берип жатат?


-
Активдүү жардам берип жатышат. Боорукер адамдар бар экен. Көп киши келип, көбүнчө ун, май, колунан келген жардамын алып келип жатышат. Биз дагы өз каражатыбызга тамак-аш алып жатабыз.

- Ошондо бүгүн канча киши келди?

- Элүүдөй киши келди. Машина менен келип, таштап кетишүүдө. Ири компанияларга да кайрылганбыз, бирок алардан жардам боло элек. Эртең (13-июнда) биз эртең менен саат тогуздан баштап кайра жардам чогултабыз. Тышкы иштер министрлигинин алдында болобуз. Дареги Фрунзе көчөсү менен Эркиндик булварынын кесилиши.

- Бүгүн кечинде Ошко жүк ташыган машина жөнөтмөк эмес белеңер?

- Ош жолундагы коопсуздук маселесинен улам, жүктү учак менен жөнөтөлү дедик. Азыр аэропортко барып, жүктү таразага тартып, учакка жүктөп келдик. Эртең саат эртең мененки жетиде учуп кетет.

Азаттыктан маалымат.
13-июнга карата гумжардам аракеттери:
Кыргызстандын түштүгүнө ар тараптан ар кыл жардам түшүп жатат. Орусиянын учагы Кыргызстанга беш тонна медициналык каражаттарды алып келди. Эл аралык Кызыл чырым, Кызыл жарым ай уюмдары алты ооруканага аспап, дары-дармек жиберди. Убактылуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча орун басары Эльмира Ибраимова жардам иштерин координациялоо үчүн Ошко келди. Бишкектен өкмөттүк учак менен гумжардам жөнөтүлдү. Каржы министрлиги Ошко жардам катары 50 миллион сом, 21 тонна ун, 1500 тонна буудай бөлдү. “Айкөл”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары, жеке адамдар жардам топтоп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн медициналык мекемелерге жардам берип аткан бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди. Ошто жана Бишкек мериясынын алдында гумжардам боюнча штабдар түзүлдү. Бишкекте жардам Ленин райондук мамлекеттик администрациясында жана филармониянын артындагы № 2 орто мектепте кабыл алынып жатат. Кошумча маалыматты 65-68-70 жана 65-38-76 телефондоруна чалып ала аласыздар.

XS
SM
MD
LG