Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

ЕККУнун төрагасы Кыргызстандагы кырдаал боюнча масилет өткөрдү


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы - Казакстандын Мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев ишемби күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Роза Отунбаева менен телефондон баарлашып, Оштогу бөөдө өлүмдөргө байланыштуу көңүл айтты жана калабанын токтобой жатканына катуу тынчсыздануу билдирди.

Саудабаев Кыргызстандагы кырдаал боюнча БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча комиссары Катерине Эштон, Биримдиктин учурдагы төарагсы - Испаниянын тышкы иштер министри Мигуель Ангел Моратинос, Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давудоглы менен телефон аркылуу пикир алмашты. ЕККУнун маалымдашынча, Кыргызстанга Саудабаевдин атайын чабарманы Жаныбек Карибжанов келет жана ЕККУ, БУУ менен Евробиримдик чогуу аракеттенмек болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG