Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кандагардагы тойдо 13 жашар жанкечти бомба жардырганы аныкталды


Ооган полициясынын маалымдашынча, шаршемби күнү Кандагарда болгон бомба чабуулунан кесепетинен каза тапкандардын саны 50гө жетти. Жанкечти бомбаны үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда жардырган. Кандагар провинциялдык полициянын акими Мохаммед Зазайдын сөзүнчө, бомбаны 13 жашар жанкечти бала жардырганы аныкталган. Жардырууда 90дой адам жарадар болгон.

12-июнда Кандагардын Какрег районунда полициянын беш кызматкери жолго коюлган бомбага кабылып, набыт болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG