Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Ошто коменданттык саат маалында абал туруктуу болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар башчысынын 1-орун басары Тимур Камчыбеков маалымдады. Анын айтуусунда, ички аскерлер шаардагы абалды толугу менен көзөмөлгө алышууда. Ошондой эле түнкү саат үч-төрттөр чамасында белгисиз бирөөлөр шаар көчөлөрүн аралап, кээ бир адамдарын уюлдук телефондоруна чалып “Өзбекстандын аскердик күчтөрү келди”, “Өзбекстан тараптан согушкер кылмышкерлер кирди” деген калп маалымат таратып, чагымчыл аракеттерди жасашканы маалым болду. Мындай чагымчыл иштер Жапалак айылында да орун алып, жергиликтүү тургундар түнкү саат төрттө “Азаттыкка” телефон чалышып, маалыматты тактап берүүнү өтүнүштү. (GA)

XS
SM
MD
LG