Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

БУУ тынчтыкчыл талиптерди "кара тизмесинен" чыгарат


Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлүнүн билдиришинче, БУУнун комитети ооган согушчандарынын “кара тизмесинен” карап көрүп, алардын айрымдарына банктардагы акчаларын пайдаланууга жана сырт өлкөлөргө каттоосуна уруксат берүү жөнүндө сунуш жасайт. Бул кадам Стэффан де Мистуранын 12-июнда Кабылда кабарчыларга маалымдашынча, Ооганстандагы кырдаалды саясый жол менен жөндөөнүн бир аракети. Кээ бир талиптерди жана “ал-Каида” менен байланыштагы адамдарды “кара тизмеден” чыгаруу жөнүндө ай башында Ооганстанда тынчтык орнотуу конференциясында айтылган болчу. Де Мистуранын сөзүнчө, БУУнун комитети тизмени июндун аягына чейин карап болуп, андан соң БУУнун Коопсуздук Кеңешине өз сунушун жөнөтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG