Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Ош шаарында кагылышкан тараптар элдеше баштады


Ош шаарындагы Ноокат-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар элдеше баштады. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдирди.

Эки тараптан ондон өкүл катышкан иш-чарада тараптар кол алышып, мындан ары ынтымакта жашоого сөз беришти. Элдешүү демилгесин кыргыз-өзбек активисттери көтөргөн. Ушул эле топ азыркы тапта Түштүк кичи районуна барышып, ал жерде дагы эки тарапты элдештирүү аракетин көрүүдө. Азыр бул кичи райондо элдешүү жараяны жүрүп, ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев баштаган адамдар катышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG