Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Ошто гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча штаб түзүлдү


Ош шаарында кагылышууларда жабыркагандарга келген гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча штаб түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзгөн аталган штаб, келген гуманитардык жардамдарды белгиленген жерге жеткирүү иш-чараларын уюштурат. Ал эми Ош шаар мэриясы келген жардамдарды кабыл алып, аларды муктаж болгондорго бөлүштүрмөкчү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ушул тапта Ош шаарында Бишкектен жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды күтүшүүдө. Буга чейин Бишкек шаарында ишкерлер, жөнөкөй жарандар топтогон азык-түлүк жана түрдүү каражаттар Ошко жиберилген эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG