Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Бишкек мэриясында штабдар түзүлдү


Бишкек мэриясында Ош жана Жалал-Абад облусунда жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды жөнөтүү жана шаарда тартипти камсыз кылуу боюнча штабдар түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, эгер Бишкек шаарында шектүү топтор чогулган жерлер байкалса же массалык талап-тоноочулук болгон жерлер катталса, шаар тургундары тез арада 68 37 13 (Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы), 62 27 04 (Бишкек мэриясынын алдындагы ыктыярдуу кошуун) же 32 34 10 (Бишкек шаардык прокуратурасы) телефондоруна чалуулары керек.

Ал эми Ош жана Жалал-Абадга жибериле турчу гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында жана № 2-орто мектепте иштөөдө. Гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси боюнча аталган штабга 65 68 70 жана 65 38 76 телефондору аркылуу байланышууга болот. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG