Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кыргызстандын түштүгүнө ар тараптан ар кыл жардам түшүп жатат


Орусиянын учагы Кыргызстанга беш тонна медициналык каражаттарды алып келди. Эл аралык Кызыл чырым, Кызыл жарым ай уюмдары алты ооруканага аспап, дары-дармек жиберди. Убактылуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча орун басары Эльмира Ибраимова жардам иштерин координациялоо үчүн Ошко келди. Бишкектен өкмөттүк учак менен гумжардам жөнөтүлдү. Каржы министрлиги Ошко жардам катары 50 миллион сом, 21 тонна ун, 1500 тонна буудай бөлдү. “Айкөл”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары, жеке адамдар жардам топтоп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн медициналык мекемелерге жардам берип аткан бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди. Ошто жана Бишкек мериясынын алдында гумжардам боюнча штабдар түзүлдү. Бишкекте жардам Ленин райондук мамлекеттик администрациясында жана филармониянын артындагы № 2 орто мектепте кабыл алынып жатат. Кошумча маалыматты 65-68-70 жана 65-38-76 телефондоруна чалып ала аласыздар. JCH

XS
SM
MD
LG