Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

У.Барктабасов түшкөн учак Бишкекке конду


Мурдагы президенттикке талапкер, “Мекен Туу” (мурдагы “Мекеним Кыргызстан”) партиясынын чет жерде качып жүргөн лидери Урматбек Барктабасов түшкөн учак Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданына конду. Аны көптөгөн унаалар менен жүздөгөн жактоочулары тосуп алышты. Кымбат баалуу унаалардын коштоосунда У.Барктабасов Балыкчы шаарын көздөй чыгып кетти. Бул тууралуу “Манас” аба майданынан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Эскерте кетсек, У.Барктабасов 2005-жылы президенттике талапкерлигин койгон. Бирок анын Казакстандын жараны болгондугу тууралуу маалыматтардын негизинде ошол кездеги бийлик шайлоо алдында талапкерлигин алып салган. 2005-жылдын 17-июнунда анын тарапкерлери Бишкек шаарында митинг өткөрүшүп, “ак үйгө” кирип барышкан. Ошондон соң ага “мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аркылуу бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып тагылып, У.Барктабасов өзү өлкөдөн качып кеткен.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, У.Барктабасовдун келишине тоскоолдук жок экендигин, ал келип ага козголгон кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берүүсү, бөтөн жерде жүрүп алып саясат жасаганды токтотуусу керектигин айткан болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG