Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Ошто пакистандык студент өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тастыкталган жок


Ошто пакистандык студент өлтүрүлгөнү боюнча тараган кабар жалган экенин "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев тастыктады. Ал мындай маалымат таратылышын чагым катары баалап, Ошто тополоң чыккан алгачкы күнү эле 800 чакты студент чыгарылганын, алардын арасында пакистандык жана индиялык студенттер да болгонун билдирди.

Мунун алдында Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Куреши жергиликтүү телеканалдан 15 пакистандык студент Ошто барымтага алынып, бирөө атып өлтүрүлгөнүн билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG