Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Оштон оор жаракат алган он адам Бишкекке жеткирилди


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Ош шаарынан чыккан, ичинде он оор жаракат алган жарандары бар учак бүгүн түштөн кийин Бишкектин “Манас” аба майданына конду. Жаракат алгандардын бешөө башынан жана көкүрөк туштан ок жеп жаракат алышкан жана алардын ахыбалы өтө оор. Оор жаралууларды Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары Орозалы Көчөров баштаган дарыгерлер тосуп алып, аларды Бишкектеги ооруканаларга жеткиришти. (IJz)

XS
SM
MD
LG