Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

“Азамат” кыймылы Оштогу жабыркагандарга гуманитардык жардам топтоду


Аталган кыймылдын өкүлү Аман Тентиев Ош жана Жалал-Абад облустарында тополоңдон жабыркаган адамдар үчүн гуманитардык жардам топтолгондугун билдирди. Анын айтымында, кыймылдын жардам топтоо жөнүндө чакырыгын уккандар карыя адамдардан тартып карылуу уюмдарга чейин жардамдашууда. Натыйжада бир далай азык-түлүк жана медикаменттерди топтоого мүмкүн болду. Эми гуманитардык жардамды “Азамат” кыймылынын өкүлдөрү Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен сүйлөшүп, түштүк тарапка тез жеткирүү аракетин көрүүдө. Мындан сырткары “Азамат” кыймылы башка демилгечи уюмдар менен биргелешип, тополоң окуяда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө алып барып, акысыз эс алдырып, ден-соолуктарын чыңдоо иштерин уюштурууга көмөктөшүүдө. “Азамат” кыймылына жардам берүүнү каалагандар 0555-752622, 0312-910710 телефондору менен байланыша алат. (КС)

XS
SM
MD
LG