Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

Эртеңден тарта расмий маалыматтар SMS кабар түрүндө таркатыла баштайт


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы Мамлекеттик байланыш агенттиги жана уюлдук байланыш операторлору менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында түштүктөгү абоненттерге расмий жаңылыктарды SMS кабар түрүндө таркатуу жөнүндө келишим түзүлгөнүн билдирди. Мындай зарылдык түштүктө жашаган калктын массалык маалымат каражаттарына, Интернет сыяктуу байланыш булактарына жетпей жаткандыгынан келип чыгууда. Ырасталбаган маалыматтар жок жерде элдин үрөйүн учурган ушак-айың жайылып, кырдаалды ого бетер курчутуп жиберүүдө. Эми өлкөнүн түштүгүндөгү болуп жаткан окуялар жана мамлекеттик органдардын чечимдери, көрүп жаткан аракеттери жөнүндө маалыматтар 14-июндан тарта SMS кабар түрүндө таркатыла баштайт. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG