Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Кыргызстандын тунгуч Президенти Аскар Акаевдин кайрылуусу


Айланайын эл-журт, ачууга алдырбагыла, акылга келгиле!


Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялар жүрөгүбүздү мыжып, жаныбызды кейитүүдө. Эзелтеден бир тууган эл катары жашап, кылымдар бою бир суудан суу ичкен, бир абадан дем алган боордош эки калктын ортосуна ойго келбеген жерден от жагылды. Кызылжаян болуп, бейкүнөө кан төгүлдү. Мамлекетибизге орду толгус зыян келтирилди. Ооба, арам ойлуу провокаторлор өз максаттарына жетти, ар дайым саясий упай топтоо аракетинде жүргөн саясаткорлор эки элди кагыштырып коюп, эми кумга сиңгендей житип жоголушту. Алардын азабын тарткан дагы эле карапайым калк болууда.

Ошондой болсо да бул тополоңду эптеп токтотпосок болбойт. Ачууга алдырбайлы, акылга келели! Мен муну кыргыз боордошторума да, өзбек боордошторума да кайрылып айтып жатам. Айланайын эл-журт, мунун кесепетин дале болсо өзүбүз тартабыз, улут аралык аразашуунун арты эч качан жакшы болбойт. Муну тарых нечен жолу көрсөттү го. 1990-жалдыгы кандуу кагылышуунун кесепетин жоюу үчүн убагында эмне деген гана аракеттерди жасабадык. Эмне деген гана иш-чараларды өткөрбөдүк, аракеттерди жасабадык. Ал конфликттин тереңге кеткен залдарынан жаңы гана кутулбадык беле! Эми мына баарын кайрадан баштоого туура келет.

Жарааттарды айыктырууга, эки бир тууган улуттун ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө ондогон жылдар талап кылынат. Ынтымак болбогон жерде ырыс болбойт. Ал эми улут аралык ынтымак болбосо, мамлекетте эч бир иш алдыга жылбайт, муну да так билишибиз зарыл. Ошондуктан баарыңардан, айрыкча жаштардан суранам: эгер Кыргызстандын келечегин ойлонсоңор, бул тополоңду тезинен токтоткула! Келечек силердики, бул мамлекеттин келечеги да бара-бара силердин колуңарга өтөт. Ошол келечекти болбогон жерден бузуп албагыла, ойрондотуп албагыла. Мен силерден ушуну суранам. Манас атабыздын айкөлдүгүн, Каныкей энебиздин, Курманжан энебиздин арбагын сыйлайлы. Ошолордун керээздерин, ыйык осуяттарын унутпайлы.

Кыргызстан - көп улуттуу мамлекет. Ошол көп улуттуу мамлекет баарыбыз үчүн өз үй, өлөң төшөгүбүз болгудай кылып саясат куралы! Башка жол жок. Бул - аксиома. Ушуну эске алып койгула!
XS
SM
MD
LG