Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал тынч


Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын аймагына канча адам өтүп кеткени тууралуу так айтуу кыйын.
“Мурда күнү расмий эмес булактардан 42 миң өзбек улутундагы кыргызстандык жаран Өзбекстанга өтүп кеткенин маалымдашты. Айрым журналисттер Анжияндагы Кызыл жарым ай уюмунун лагеринде 6 миң өзбек улутундагы кыргызстандык атуулдар жайгаштырылганын кабарлашты. Чек ара бекеттеринин расмий маалыматы боюнча 2,5 миң адам коңшу мамлекетке өтүп кеткен. Ал эми Ала-Бука чек ара бекетинен бир жарым миң адам өзбек тарапка өтүп кетип, кечээ кайра кайтып келишти”,-деди Ч.Турусбеков. (AJ)

XS
SM
MD
LG