Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Түштүккө гумжардам жөнөткөндөр арбын


Убактылуу өкмөт Ош, Жалал-Абаддагы кагылышта жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен элге кайрылып, каржылык көмөк көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачты. Кыргыз сому менен жардам бергиси келгендер акчасын № 129 900 238 002 313 9 эсебине, АКШ долларын берчүлөр № 129 900 238 002 324 0 эсебине жиберише алат. Каражат Ош окуясында жабыр тарткандар үчүн деген ат менен РСК банкы аркылуу Каржы министрлигинин борбодук казнасына түшөт. Ал эми катардагы тургундар, коомдук уюмдар менен саясий партиялар чогулткан гумжардамдар кечээтен тарта түштүккө жөнөтүлө баштады. "Ак шумкар" партиясы кечээ 250 миң сомдук дары-дармек жана 250 миң сомдук азык-түлүк жөнөткөнүн партиянын катчылыгынын башчысы Өмүр Бексултанов кабарлады. Ал эми Жаштар министрлиги чогулткан гумжардам бүгүн жөнөтүлөөрүн министрликтин өкүлү билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG