Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Ирактын борбордук банкына кол салынды


Багдаддагы Ирактын борбордук банкына куралчан адамдар жасаган чабуулдан 15 кишинин каны төгүлүп, 50дөн ашуун адам жарадар болду. Маалымдалганга караганда, набыт болгондордун көбү банктын кызматкерлери.

Коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, кол салгандар аскерий формачан болгон жана 40 мүнөткө созулган аткылашуу учурунда 8 жолу бомба жардырылган.

Серепчилер кол салуу Ирак парламентинин бүгүн ачылчу сессиясын утурлай жасалганына көңүл бурушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG