Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

ИИМ: Жалал-Абадда кырдаал оор бойдон


Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришкендей, Ошто өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда кырдаал оор бойдон, бирок салыштырмалуу абал турукташууда. Станционардык бекеттерде өткөрмө-күзөт режими катуу иштеп жатат. 847 чет элдик жарандар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Ал эми Жалал-Абад шаарында абал оор бойдон калууда. Бул жакта түнүндө айрым атышуулар, кагылыштар катталган. ИИМ жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан аракеттер көрүлүүдө. Сузак районунун ички иштер бөлүмүн басып алуу аракеттери токтотулган. Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышууда алты милиция кызматкери каза таап, 17си жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG