Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ө.Субаналиев: "Ошто качкындар боюнча штаб түзүлдү"


Ош облустук ички иштер башкармасынын башчысы Өмүрбек Субаналиевдин "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча качкындар менен иштөөчү атайын штаб Ош облустук акимчиликтин алдында түзүлдү. Ал үй-жайсыз калган качкындардын абалын иликтеп, аларды бир жерге жайгаштыруу аракетин көрөт. Ал эми Ош шаарында азыр абал жалпысынан дурус. Бүгүн эртең менен шаардын чет жакасындагы 2-3 жерде ок атышуулар болуп, 1-2 жерде өрт чыкты. Ички иштер башкармалыгы ошол жерлерде атышууларды токтотуу аракеттерин көрүп жатат. Андан тышкары эки элдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкектен барган жана жергиликтүү адамдардын тобу айыл-айылдарды аралап кетишти- деп билдирди Ө.Субаналиев.(BD)

XS
SM
MD
LG